dcsimg
Image of Testudo horsfieldii horsfieldii Gray 1844
Creatures » » Animal » » Vertebrates » » Turtles » » Tortoises »

Afghan Tortoise

Testudo horsfieldii Gray 1844

Орто Азия таш бакасы ( Kirghiz; Kyrgyz )

provided by wikipedia emerging languages
Ruska kopenska želva.JPG

Орто Азия таш бакасы (Agrionemys horsfieldi), (Gray, 1844):

Жалпы жана өлкөдө таралышы

Түндүк жана Чыгыш Ирандан тартып Түндүк-батыш Кытайга чейин, Орто Азияда бардык жерлерде, Казакстанда түндүккө карай Эмба дарыясына жана Тарбагатай тоолоруна чейин таралган . Кыргызстанда – Приферган райондору, батышта Талас жана Чүй өрөөндөрүндө ; Батыш Ысыккөлдө табылышы ( ооз эки маалыматтар боюнча) жалган болуп чыкты.

Жашаган аймактары

Кыргызстанда чөл жана жарым чөлдүү ландшафтарды, талаалуу жарым чөлдөрдү, кээ бирде жапыз чөптүү талаалуу өрөөндөрдү жана айыл чарбалык жерлерди ( айдоолор, бахчалар) мекендейт; деңиз деңгээлинен 1300м бийикке чейин тоо этектерде кездешет .

Саны

Ареалда жана ар кандай жерлерде бирдей эмес. Майлысай шаарынын аймактарында популяциясынын жыштыгы эң жогору туурасы 10м келген 10км транссектада 46 особң саналган. Нарын дарыясынын канңондун төмөнкү бөлүгүндө жана Түркстан тоо этектеринде шагыл таштуу жарым чөлдөрүндө ошондой эле маршрутта бир күндө 10дон кем эмес особдор жолуккан . Чүй өрөөнүнүн бардык жерлеринде саны кескин азайып жоголуп кетүүнүн чегинде турат .

Жашоо тиричилиги ( жашоо циклдары)

Чүй өрөөнүндө кышкы чээнден март айында чыгат; Кыргызстанда анын уруктануусу апрелде өтөт. Жумурткасын ийиндерге ташташат, ал май-июнда ; өтө чанда гана жайкы чээни токтолот ( жаан-чачын сезондо) . Жыныстык жагынан 12 - 16 жашында жетилет ( башка маалыматтар боюнча - дене узундугу 10 - 11см ге жеткенде 10 жашында , ал эми эркектери – 5 - 6 жашынды ) Адатта ургаачылары 2 ( кээ бирде 6) жумуртка туушат . Ургаачылары адатта салмагы 30г. чейин, катуу кабык менен капталган 2 жана андан да көп ( кээ бирде 6) бир нече жолу жумуртка туушат.

Чектөөчү факторлор

Антропогендик таасир астында жашаган жерлеринин өзгөрүлүшү ( көп жылдык пайдалануудан такырайы кетиши) жана бузулушу, дың жерлерди айдоо, экспортко массалык түрдө кармап, ошондой эле браконңерлик жол менен кармап сыртка алып кетүү . Кыргызстандын шарттарында негизги фактор – республиканын территориясынан коммерциялык максат менен ( жол менен) сыртка алып кетүү .

Көбөйтүү ( колдо багуу)

Орто Азия таш бакасы - террариумду сүйүүчүлөрдүн обңектиси , бирок колдо жакшы көбөйөт. Кыргызстанда көбөйтүлбөйт.

Уюштурулган коргоо аракеттери

Учурда, Кыргызстанда түр да, анын жашаган жерлери да коргоого алынган эмес; акыркы мезгилге чейин экспорт көзөмөлгө алынган эмес ( көзөмөлдөнгөн эмес) ( 2005 жылы миңге жакын таш баканы жашыруун жол менен сыртка чыгарууга бөгөт коюлган) .

Коргоо үчүн зарыл аракеттер

Республиканын УК административдик жана кармоону жөнгө салуу боюнча таш бакаларды КРнан сыртка чыгарып алып кетүүсүнө бөгөт коюу чараларын күчөтүү. Бир катар жашаган жерлерине – жазгы мезгилде малдарды жайууга регламент коюу.

Статусу

VU Blab ( i i ,i i i , v) категория; CI. Саны азайып ( кыскарып) баратуучу түр, монотиптик уруунун өкүлү, IU CNRLTS ( VU A2d) жана CITES I I Тиркемесине киргизилген ; Жашаган чөйрөсү өзгөрүлүүнүн жана чексиз кармоонун натыйжасында, Кыгызстандын территориясында жоголуу коркунучунда турган түр.

Колдонулган адабияттар

license
cc-by-sa-3.0
copyright
Wikipedia жазуучу жана редактор