Кызыл балырлар (лат. Rhodophyta) - ар түрдүү түстөрдө болушат: ачык кызыл, нукуракызыл, көккызыл, саргычкызыл, көкжашыл. Хроматофордо хлорофилл «а», «d» (хлорофилл «а» бир гана К. б-да кездешет), каротин, ксантофилл, фикоэритрин, фикоциан сыяктуу пигменттер болушат. Бул пигменттердин түрдүү абалына байланыштуу К. б. да түрдүүчү түстөрдө кездешишет. К. б. жеке жөнөкөй жипчелер, же топтошкон өсүндүлөр, бутакчалар, пластинкалар, кээде «сабакча», «жалбыракчалар» түрүндөгү талломдуу өсүмдүктөр.
Булардын чоңдугу 2-3 м, айрымдары микроскоптук кичинекей. Негизинен деңиздерде, аз санда тузсуз сууларда жашашат.
Көпчүлүк жөнөкөй түзүлүштөрүнүн клеткалары бир ядролуу, жогорку түзүлүштөрүндө көп ядролуу.
Бир клеткалуу жана колониялуу формаларында вегетативдик көбөйүү клеткалардын бөлүнүүсү менен жүрөт. Көптөгөн флоридиялар классынын өкүлдөрүндө кошумча бутактардын болушу менен ишке ашат.
Жыныссыз көбөйүү моноспора, тетраспоралар аркылуу. Жыныстык көбөйүү оогамдык.
К. б. 600дөн ашык тукумдуу, 4 миңге жакын түрлөрү белгилүү. Кыргызстандын дарыя сууларында (Шахимардан, Исфайрам, Куршаб жана башка) К. б-дын 5 түрү кездешет. Алар бангия жана шантранзия тукумдарынын түрлөрү (Bangia atropurpurea, Chantransia chalubea, Ch. Chalubea var. leiblenii, Batrachospermum moniliforme, Lemanea fluviatulus).