Кидик бүркүт (Hieraaetus pennatus), (J.F. Gmelin, 1788):
Европанын түштүгүндө, Африкада, Орто жана Түштүк Азияда, Жаңы Гвинея жана Австралияда, республиканын токойлуу тоолорунда кездешет.
Ар кандай типтеги токойлордо, көбүнчө жалбырактуу, ийне жалбырактуу токойлордо сейрек кездешет.
Кыргызстандын шарттарында саны такталган эмес. Ар кандай жактарда анын саны көп эмес. Акыркы үч жылдын ичинде 2 особң 2001, 2002 жж. кездешкен . ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Көчмөн куш. Республиканын территориясына апрелде келет. Уяларын көбүнчө жалбырактуу, чанда гана ийне жалбырактуу дарактарга салат. Уясында 1-2 жумуртка болот. Куштар менен, чанда гана майда кемирүүчүлөр жана сойлоп жүрүүчүлөр менен тамактанат.
Түздөн-түз кыруу, уяларын талкалоо.
Маалымат жок.
Коргоо үчүн атайын чаралар колдонулган эмес, бирок республика боюнча аны кармоого тыюу салынган.
Коруктардын территорияларында коргоону уюштуруу. Уялоочу жерлерге ӨКЖА уюштуруу. Чектөөчү факторлорду аныктоо, түрдүн биологиясын толугу менен изилдөө.
VI категория, Near Threatened, NT: R. Аз изилделген куш. Монотиптүү түр . Кыргызстандын фаунасында бир уруунун жалгыз өкүлү.