dcsimg

Жөргөмүш ( Quirguiz )

fornecido por wikipedia emerging languages
 src=
Желедеги жөргөмүш (Linyphiidae).
 src=
Ички түзүлүшү.

Жөргөмүштөр (лат. Araneae) — жөргөмүш сымалдар классындагы муунак буттуу жаныбарлар түркүмү.

Денесинин уз. 0,7 мм ден 11 см ге жетип, баш-көкүрөк жана курсак бөлүгүнөн турат. Баш-көкүрөгүндө 8 көзү, 6 жуп буту бар. 1-жубу (хелицер) азыгын карман өлтүрүү, душмандарынан коргонуу, 2-жубу сезүү, калган 4 жуп буту басуу кызматын аткарат. Курсагынын асты жагында алдыңкы жуп өпкө баштыкчасы, ортосунда 2-жуп өпкө баштыкчасы же дем алуу түтүгү орун алган. Курсагынын артында жайгашкан желе сөөлдөрү бөлүп чыгарган суюк заттар абада курган, ичке жибекке окшогон желе жибин пайда кылат.

Бардык Жөргөмүштөр (суу жөргөмүштөн башкасы) кургакта жашайт; алардын сезүү, көрүү, жыт алуу, угуу, желенин кыймылын билүү сезимдери бар. Жөргөмүштөр жырткычтар, көбүнчө курт-кумурска менен азыктанат. Эркеги ургаачысынан кичине. Ургаачысы жумурткасын желеден жасалган пиллага тууйт. Жөргөмүштөрдүн көбөйүшү метаморфозасыз. Жер жүзүндө Жөргөмүштөрдүн 21 миңге жакын түрү белгилүү. Жөргөмүштөрдүн желесинен астрономиялык аспаптарга керектүү жиптер даярдалат.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
licença
cc-by-sa-3.0
direitos autorais
Wikipedia жазуучу жана редактор
original
visite a fonte
site do parceiro
wikipedia emerging languages

Жөргөмүш: Brief Summary ( Quirguiz )

fornecido por wikipedia emerging languages
 src= Желедеги жөргөмүш (Linyphiidae).  src= Ички түзүлүшү.  src= Желе.