Эндиктер тукуму (лат. Boraginaceаe) – эки үлүштүүлөр классындагы өсүмдүктөр тукуму. Чөп, чала бадал, бадал, лиана же дарак. Жер үстүндөгү органдары жумшак же катуу түктүү. Жалбырактары сабакка кезектешип жайгашкан, түрдүү формада, жээги негизинен тегиз. Гүл коргону экөө. Гүлдөрү ак, көк, мала кызыл, күңүрт кызыл түстө. Топ гүлү – бурулча, кээде жалгыздан. Көпчүлүк Э.-дин таажычасында нектарын (бал ширесин) жаандан калкалоочу түрпүчөлөрү же башка өсүндүлөрү болот. Мөмөсү майда, бышканда 4 же 2 жаңгакча сымал бөлүктөргө бөлүнөт, кээсиники данекче сымал же кутуча. 100дөй уруусунун 2000 ашуун түрү жер жүзүнүн бардык бөлүгүндө таралган. Кыргызстанда 100дөн ашуун түрү белгилүү. Алар өрөөндөн бийик тоолорго чейин таралган. Чөл, жарым чөл, боздөң, шалбаа, токойлуу, бадалдуу жерде өсөт. Кээси медицинада колдонулат. Айрымдары балдуу, боёктуу. Эл арасында эзелтеден эндик чөптүн куйрук май, кымыз кошуп ачытылган тамырын косметикалык каражат катары пайдаланышкан. Кээ бир түрлөрү тоют, жашылча жана кооздук үчүн өстүрүлөт. Отоо чөп түрлөрү да бар. Ал эми айрым түрлөрүнүн (Каракыз) уругунун сырты өтө тикендүү келип, малдын жүнүнө жабышып, сапатын төмөндөтөт.