Тумар саадак (лат. Capsella) - өсүмдүктөрдүн кайчы гүлдүүлөр тукумундагы уруусу.
Бир же эки жылдык чөп. Жебедей сапсыз жалбырактары кезектешип жайгашкан, төмөнкү жалбырактары саптуу. Тамыр моюнчасына топтолуп өсөт. Гүлдөрү майда, ак, мала кызыл, саргыч. Топ гүлү жаңыдан гүлдөгөндө жаа сымал, кийин чачыдай. Мөмөсү-саадакча. Тумар саадактын 7дей түрү Жер шарынын мелүүн жана субтропик аймактарында өсөт.
Тумар саадактын урутунда май, сабагы менен жалбырагында холин, ацетилхолин ж. б. заттар бар; ширеси жана тундурмасы медицинада колдонулат.