Кубарган кулaaлы (лат. Circus macrourus), (S.G. Gmelin, 1771).
Евразияда Дунайдын төмөнкү агымынын өрөөнүнөн чыгышты көздөй Түндүк-Батыш Монголияга чейин, болжол менен Түштүк-Батыш Байкалга чейин. Түндүккө карай Припятңе өрөөнүнө чейин, Белорусия жана Урал тоо кыркаларынын ортосунда 55-параллелге чейин, Урал тоо кыркалары жана Енисей өрөөнүнүн ортосунда 57-параллелге чейин. Түштүктөн Кара деңиздин түндүк жээгине, Крымга, Түштүк Байкалдын тышына, Ирандын Каспий алдынкы провинцияларына, Камыш-Самар көлдөрүнө, Эмбанын жогорку бөлүгүнө, Жезказганга жана Уралга, Арал деңизинин түндүк-чыгыш жээгине, Сырдарыя өрөөнүнө, Тарбагатайга жана Түндүк-Батыш Монголияга чейин. Кыргызстанда – Чүй, Атбашы дарыяларынын өрөөндөрү, Ысыккөл ойдуңу, Ички Тянңшандын сырттары.
Түздүктөрдү, жапыз жана орто тоолуу ачык жерлерди артык көрөт, маданий территорияларда да сейрек эмес, кээде бийик тоолорго көтөрүлөт.
Саны боюнча системдүү маалымат жок. Адатта Чүй дарыясынын жана Ысыккөл көлүнүн өрөөндөрүндө кездешет. 2005-жылы Бишкектен алыс эмес көлмөлөрдө өткөрүлгөн жайкы жана күзгү байкоо жүргүзүүлөрдө кубарган кулаалынын эркектерин эки жолу байкашкан. Бир жаш канаттуу көлмөлөрдүн биринин жээгинде белгиленген.
Уялоочу түр. Жерде отурганды артыксынтат, кээде бадалдарда жана дарактарда отурат. Канаттарын жайып, айыл чарба аянттарын тынымсыз айланып учат, азыгын көрүп, абада кыймылсыз калат да, тик ылдый түшүп кол салат. Чычкан сымал кемирүүчүлүргө, кескелдириктерге, бакаларга, чегирткелерге, башка канаттуулардын балапандарына аңчылык жасайт. Апрелден июлга чейин уялайт. Чөптөрдөн жана жалбырактан жасалган уясын жерде, көбүнчө талааларда салат. Күрөң тактары бар ак түстөгү 4-5 жумуртка тууйт.
Уялоо жерлеринде тынчсыздандыруучу факторлордун көптүгү, айрыкча, үй жаныбарлары уялары үчүн коркунуч туудурат. Кээде киши тарабынан кырылуусу.
Кыргыз Республикасында колдо багылбайт.
Республикада атайын коргоо чаралары жок. Түр I UCNдин Кызыл Китебине VI категориясына Near Threatened, NT киргизилген.
Уялоого ылайыктуу жерлерди коргоо керек, уялоо аймактарда адамдын жана үй жаныбарларынын жүрүшүн чектөө. Аныкталган уяларды картага түшүрүү жана кубарган кулаалынын санына мониторинг жүргүзүү.
VI категория. Near Threatened, NT. Кыргыз Республикасынын фаунасында уруунун төрт өкүлүнүн бири. Монотиптүү түр.