Маакия (лат. Maackia) - чанактуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу.
Маакия (лат. Maackia) - чанактуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу.
Күбүлмө жалбырактуу, шыпыргы гүлдүү дарак. Чанагы кара күрөң түстө. Чыгыш Азияда 5—6 түрү, Орусиядаде 1 түрү (Амур Маакиясы) өсөт. Дарагынын бийиктиги 15—20 м, жалбырагынын уз. 30 өлчө. Гүлү агыш же кызгылт. Көбүнчө Приморье менен Приамурьедеги дарыя өрөөндөрүндө өсөт. Ал кооз өсүмдүк катары, о. эле жарларды,суу жээктерин бекемдөө үчүн өстүрүлөт. Жыгачы чирибес, бышык фанера, ийилме мебель, паркет ж. б. даярдоо үчүн колдонулат.